Валентина Шевченко: "Актриса Холли Берри менин жеңишиме бирден-бир себепчи болду"

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко UFC 247 турниринде аны колдоп келген америкалык актриса Холли Берриге ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу маалымат булактары жазып чыкты.
"Холли Берри UFC 247 турниринде мени колдоп келгенине абдан кубанычтамын. Бул колдоо мага стимул болуп берди. Беттешке чыгар алдында Холли мен даярданып жаткан бөлмөгө келип, мага ийгилик каалады. Анын бул колдоосу менин мөөнөтүмдөн мурда жеңишиме түрткү болду", - деп билдирген Валентина Шевченко.
Эске салсак, 9-февралда UFC 247 турниринин алкагында Валентин Шевченко менен америкалык Кэтлин Чукагян кез келген. Беттештин үчүнчү раундунда Шевченко Чукагянды техникалык нокаут менен жеңип, чемпиондук курун коргоп калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
rysik79

18.02.2020. 15:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
сары кызыбыз киного тартылайын деп калган го дейм.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.