Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасын кабыл алды

Бүгүн, 22-августта президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Эрматов президентке өлкөдө тил саясатын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Ошондой эле “Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” президенттин жарлыгынын аткарылышы, 23-сентябрда белгиленчү Мамлекеттик тил күнүн уюштурууга байланыштуу маселелер дагы талкууланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

