Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигине Урматбек Кокочаров жетекчи болуп дайындалды
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы кызматына Кокочаров Урматбек Курманбекович дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Урматбек Кокочаров жарандык турак жай департаментинин жетекчиси болуп иштеген.
12-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Бактыбек Абдиевдин ишин сынга алып, отставкага кетүүсүн айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

