super.kg logo

"Diamond Princess" круиздик лайнеринде коронавирус жуктуруп алган деген Кыргыз жараны учурдагы кырдаал тууралуу айтып берди

 

Дүйнөгө жайылып жаткан коронавирустун айынан 14 күндүк карантинде турган "Diamond Princess" аттуу япониялык круиздик лайнеринде коронавирус жуктургандардын арасында Кыргыз жараны бар экендигин чет элдик басылмалар жазып чыгышкан. Ал эми "Diamond Princess" аттуу япониялык круиздик лайнеринде коронавирус жуктуруп алган деген Кыргыз жаранынын абалы канааттандырарлык экенин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкен.

"Япониянын компетенттүү органдарынын берген маалыматына ылайык, Кыргыз жаранынын абалы канааттандырарлык. Дене табы жок, дары-дармектер менен дарылоо жүргүзүлгөн жок. Бейтап атайын көзөмөлгө алынды. Кыргыз жаранынын айтуусунда, ал өзүн жакшы сезип жатат. Кыргыз өлкөсүнүн Япониядагы элчилиги, ал жактын Тышкы иштер министрлиги жана Саламаттыкты сактоо министрилиги менен байланышты туруктуу жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 18-февралда Sputnik Кыргызстан агенттиги ушул тапта Японияда кармалып турган круиздик лайнердеги Кыргыз жараны менен байланышып, саламаттыгы, кемедеги жалпы абал тууралуу баарлашкан.

Кыргыз жараны аты-жөнүн айтуудан баш тарткан. Анын айтымында, бул лайнерде иштегенине төрт жылдын жүзү болгон. Ал эми вирус тууралуу алгач укканда эч ким дүрбөлөңгө түшкөн эмес.

"Көбүрөөк иштөөгө туура келерин түшүнүп турдук. Андан кийин даярдык көрүп, кеменин ичиндеги жүргүнчүлөр изоляцияланды. Текшерүүдөн өткөрүп, ага чейин ооруган бейтаптарды дароо госпиталга алып кетишти. Иштегендер да өз-өзүнчө бөлүнүп, ресторан менен рум-сервиз жана анда иштеген ашпозчулар эле калды.

Барган сайын официанттардын саны азая берди. Вирус жуктуруп алышы мүмкүн делгендерди алып кетип жатышты. Мен кемеден кетип кала алган жокмун, досторум, кесиптештеримдин бири да кеткен жок. Ушундай кыйын кырдаалда кантип басып кетет элек. Айтор, кете албай койдум. Жүргүнчүлөргө тамак ташып келип, алардын абалын көрүп жаттык, көпчүлүгүнүн ыйлаганына күбө болдук.

Ушунчалык боорум ооруду, бирок мен деле алар менен чогуу болчумун да. Капитаныбыз колдоо көрсөтүп, биздин эрдик жасап жатканыбызды айтып, биздин дарекке жолдонгон ыраазычылык каттарды окуп берип жатты. Мени Кыргыз өлкөсүнүн консулдугу издейт деп ойлобоптурмун, бирок таап, сүйлөшүп, мага колдоо көрсөтүп жатышат. Бардык эле жарандардын элчиликтери байланышка чыгып, жардам беришүүдө", - деп айтып берген мекендешибиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
18.02.2020. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Демек ал жердегилердин абалын турукташтыруу үчүн ушундай кадамга барган экен.
18.02.2020. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ден соолук берсин мекендешибизге эртерээк айыгып кетсин
18.02.2020. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах Таала баарыбызды сактайт ! Бирок биз Адам баласы ушул ооруну жаратып койдук да , Эми бей күнөө адамдар жабыркап бул жашоодон кетат.
18.02.2020. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
кыргызстанга келе корбо сураныч
19.02.2020. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Буга чейинки макаладан окуп,эс алып жүргөн мекендешибиз го десе, иштеп жүргөн турбайбы. Кудай сактасын эми ден соолук тилейм.
19.02.2020. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алакандай эле калкбыз бизге жолой корбосун,Аллахым озу сактасын, адал ичип адал жейли. Кытайлар оздору атайлап чыгарыптыр деп окудум бул вирусту жасалма жол менен адамдарга жуктуруп. Биринчи айтып чыккан врачты, жалган маалымат таркатканын учун деп эскертуу берген экен, байкуш врач озу дагы жуктуруп кайтыш болуптур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: