super.kg logo

Жактоочу: "Батукаевдин иши боюнча чыгарылган "эксперттик" медициналык топтун бүтүмү күмөн жаратууда"

 

Бүгүн, 18-февралда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук иш уланды. Процесстин алкагында эки күбө суракка алынганын жактоочу Замир Жоошев SUPER.KG порталына билдирди.

Жактоочунун айтымында, отурумга катышкан күбөлөр депутаттык комиссиянын чечими менен “эксперттик” медициналык түзүлгөн топко кирген.

"Биринчи күбө М.А. Нарынга барып Азиз Батукаевдин өзүнөн кан анализдерин алып келген экен. Бирок ал анализди Бишкектеги Улуттук гематология борборунун дарыгерлери текшериптир. Биз ал күбөдөн “ушул процедуралар жасалып жатканда коррупциялык иш аракеттерди байкаган жоксузбу?” деп сурадык. Ал мындай иштерге күбө болбогонун айтты. Ал эми экинчи күбө Т.А. “мага депутат Болот Шердин кабылдамасынан чалып эксперттик топко кошушкан. Биздин алдыбызга Батукаев боюнча чыгарылган диагноз туурабы же туура эмеспи деген гана тапшырма коюлган. Акырында комиссиянын корутундусуна кол коюп бергем”, - деген көрсөтмөсүн берди.

Бул жакта белгилей кетүүчү нерсе, Нарындан чыгарылган анализ боюнча Батукаев оорулуу болсо, Бишкектеги анализ боюнча оорулуу эмес деген бүтүм чыккан. Комиссия өз корутундусун амбулатордук картага таянып чыгарып койгон. Негизи башка документтер дагы катталышы керек эле. Кылмыш иши дагы ушул бир гана амбулатордук картанын негизинде ачылган. Ошондуктан комиссиянын дагы, эксперттик топтун дагы жыйынтыктарын жазык ишине пайдалануу мыйзамсыз жана туура эмес деп эсептейм. Жалпысынан айтканда, корутунду юридикалык күчкө ээ эмес. Корутунду документ катары кабыл алынып жатат, бирок анда бүтүм чыгарган күндүн датасы жок. Мындан тышкары медиктер жалган маалымат берүү жоопкерчилиги тууралуу эскертилген эмес", - дейт жактоочу.

Ошондой эде Жоошев медициналык топтун корутундусунун тексти дагы күмөн жаратып жаткандыгын айтат.

"Бул документ медиктер тарабынан эмес, тергөөчү тарабынан жазылгандай түр калтырат. Алсак, дарыгерлердин жазган корутундусунан узүндү келтирели ал жерде минтип жазылып турат “алар көчөгө чыкканда, аларды унаада айдоочу күтүп турган (ак түстөгү жип үлгүсүндөгү унаа). Дарыгер айдоочунун жанындагы орундукка отуруп, алар кетишти.

Автоунаанын түсү бейтаптын диагнозуна таасир этеби? Эгер дарыгер автоунаанын арткы орундугуна отурганда оорулуунун диагнозу өзгөрүп кетет беле? Бул “эксперттик” медициналык топтун корутундусу мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге жана башкаларга айып коюуга негиз болгон. Мындай бурмаланган кылмыш ишинин айынан Кой-Таштагы окуя болуп, альфанын бир кызматкери каза болду", - деген пикирин билдирди жактоочу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
18.02.2020. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Булардын таппаган шылтоолору жок! буларга конул бурбай сот иши улана бериши керек! Батукаевди ким чыгарганы даана билинип турат го
18.02.2020. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Дарыгер болгону кан алып берди анализге, калганын гемотология билет да кандай болгонун.
18.02.2020. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Замир Жоошев Атамбаевге окшоп тандабай сүйлөй берет экен.
19.02.2020. 06:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Батукаев б-ча Жээнбековтун бийлиги ойлоп чыгарган. Атамбаевтин артына көө жаап жаткан Жээнбековтун өзү Атамбаев аркылуу шайланган. Аны эч ким тана албайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: