Күрөш боюнча Азия чемпиондугу: Бүгүн 5 кыргыз балбаны килемге чыгат

Бүгүн, 19-февралда Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда 5 кыргыз балбаны килемге чыгат. Мелдештин экинчи күнүндө 5 топтом медаль ойнотулат.
Бүгүн килемге чыга турган балбандардын тизмеси:
60 килограмм салмакка чейин: Жоламан Шаршенбеков - Айдос Султангали (Казакстан);
67 килограмм салмакка чейин: Марлен Асикеев - Адилхан Сатаев (Казакстан);
72 килограмм салмакка чейин: Руслан Царев - Ким Жихун (Түштүк Корея);
82 килограмм салмакка чейин биринчи айлампада: Самат Чоноралиев - Чой Жунхьенг (Корея);
Экинчи айлампада: Самат Чоноралиев - Жалгасбай Бердимуратов (Өзбекстан);
97 килограмм салмакка чейин: Бексултан Махмудов - Алимхан Сыздыков (Казакстан).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.