super.kg logo

Казакстандагы массалык жаңжалга байланыштуу 90го жакын кылмыш иши ачылды

 

Казакстандын Кордай районундагы баш аламандыкка байланыштуу 90го чукул кылмыш иши ачылды. Арасында Масанчи айылындагы 11 адамдын өлүмү боюнча дагы кылмыш иши бар. Маалыматты Казакстандын ички иштер министри Марат Кожаевге таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

"Бүгүнкү күндө жүздөй киши суралып, процессуалдык иштер жүргүзүлүп жатат. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, жүргүзүлүүдө. Бардык көрсөтмөлөр алынгандан кийин күнөөлүү жарандар жоопко тартылат. Козголгон кылмыш иштери 90го жетти. Улам жаңы жагдайлар ачылып, фактылар кошулуп жатат", - деген министр.

Окуянын чоо-жайы:

7-февраль күнү Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунун Сортобе айылынын тургундары менен полиция кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан. Ага удаа эле коңшу жайгашкан Масанчи айылында тургундар ортосунда мушташ чыгып, атышуу менен уланган. Андан ары үйлөргө өрт коюу менен конфликт күчөй берген.

8-февраль күнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирүү таратып, чырдын келип чыгышына күнөөлүүлөр жана улуттар аралык кастыкты козутуу үчүн туура эмес маалымат тараткандар жазаланышы керектигин айткан.

9-февралда жаңжал учурунда каза болгондорду жерге берүүнүн алгачкы зыйнаты өткөн. 10-февралда жогоруда аталган 3 айылдагы мектеп жана бала бакчалар кайрадан иштей баштаганы маалымдалды.

Буга чейин массалык жаңжалга байланыштуу 25 кылмыш иши ачылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
19.02.2020. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кошуна тынч өзүң тынч деген.
19.02.2020. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
элге тушундуруу иштерин кобуроок откорбосо конфликтен Кудай сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: