super.kg logo

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев спортчу Төлөгөн Рахманберди уулуна издөө жарыяланганын айтты

 

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Алай районунун Арпа-Тектир айылынын жашоочулары менен жолукту. Ош облусунун Алай районунун Арпа-Тектир айылынын жашоочулары президентке кайрылышып, "инибиз Рахманберди уулу Төлөгөнгө Ошто Кылычбек Саркарбаев, Нурбек Раимбеков, Мунар Сайпидинов тарабынан коркутуу, үркүтүү болуп жатат. Ушул ишти өз көзөмөлүңүзгө алууңузду сурайбыз. Аксакалдарды кабыл алып, көйгөйлөрүн угуп, ушул жигитибиздин ишин жакшы териштирип берсеңиз" деп суранышкан. Ошол себептүү бүгүн, 19-февралда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Арпа-Тектир айылынын жашоочулары менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Төлөгөн Рахманберди уулу боюнча, ошондой эле Ош облусу жана Ош шаарында болуп жаткан кылмыштуу окуяларга кимдин катышы бар болсо, ким болбосун, бардыгынын жоопкерчилиги мыйзам чегинде каралат. Эгерде алардын кылмыштарга тиешеси боло турган болсо ошого жараша жоопкерчилик тартат.

Ошол эле сиздердин уулуңар Рахманберди уулу Төлөгөндүн жана анын шериги Эмилбек Кимсановдун кылмышка шектүү экендигин сиздер жакшы билесиздер, жалпыга маалымдоо каражаттарында да жарыяланып жатат. Мына экөөнө тең учурда издөө жарыяланды, качып жүрүшөт. Эгер алар таза болсо, күнөөбүз жок, айта турган сөзүбүз бар дешсе, анда бизге, укук коргоо органдарына келсин, качпасын арыз-муңун ачык айтсын. Биз акыйкат тергейбиз жана ким гана болбосун күнөөсү далилдене турган болсо, жазасын тартат. Эч кимдин, эч кандай статусуна, байланыштарына, туугандык мамилелерине карабайбыз. Мыйзам чегинде катуу жана акыйкат чечимдерди кабыл алабыз", - деди министр Жунушалиев.

Буга чейин ИИМ Төлөгөн Рахманберди уулу денесинен жаракат алгандыгы боюнча бир нече жолу суралган жана мындай факты болбогондугун айтып, түшүнүксүз жоопторду бергенин, ал башка резонанстуу иште катыштыгы бар экендиги маалым болгонун айткан.

17-февралда Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев кызматынан убактылуу четтетилген.

Өткөн жылдын 21-сентябрь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Фуркат айылында К.С. жана Р.у.Т. аттуу спортчулардын ортосунда чыр чыгып, ок атышуу орун алган. К.С. бул Ош шаарынын дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев, Р.у.Т бул спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу экени талкууга түшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
19.02.2020. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзам баарына бирдей. Ким болсо да жооп бериши керек! Бирок мени таң калтырганы ушул Эле Төлөгөн деген жигиттер мурда өздөру бандиттик кылып жүрдү эле
19.02.2020. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Alimbek1000,
Мыйзам Матраимовторго да иштеш керек эле. Тилеке каршы андай болбой жатат. Сокенин катачылыгы.
19.02.2020. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик деген элдин ою менен эсептешет ушундай. Мындай жолугушуулардан соң элдин бийликке ишеними артат.
19.02.2020. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Калп маалымат тараткан адамдар көбөйдү.
19.02.2020. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жолукканы менен эч кандай жыйынтык чыкпайт.Факты керек деп койот,болбосо ОПГ болуп келген жана боло берет дейт бул жунушалиев.Матраимовдорго эч кимисинин тиши отпойт.Жон эле элдин козунчо купулдоп койду да кыйратам деп.
19.02.2020. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аа мен министрди Алайга барып жолуккан окшойт деп ойлопмун, корсо кабинетинде ушундай катуу суйлогон турбайбы.
19.02.2020. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азыркы Сооронбайдын бийлиги Матраимовторлун уй булолук кланын коргологонду токтотуш керек. Эр арасында нааразачылык азыркы бийлике куч болуп турганда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: