super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Новопавловкадагы аялдамага курулган техникалык тейлөөчү жай боюнча ички иликтөө башталды" дейт айыл өкмөттөн

 

"Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын №2 мектеп-гимназиясынын жанындагы аялдаманы техникалык тейлөөчү жана май алмаштыруучу жай кылып алышты" деп билдирген "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман.

Буга байланыштуу Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Бул маселе боюнча айыл тургундары бизге дагы кайрылышкан. Учурда аялдамадагы техникалык тейлөөчү жайга ээлик кылган жарандын документтерин текшерүү жүрүп жатат. Ал эми айыл өкмөттө ички иликтөө комиссиясы түзүлдү. Ага жетекчилик, жер маселеси боюнча адистер жана юристтер кирди. Ички иликтөө аяктаганда дагы кабар беребиз", - дешти Новопавловка айыл өкмөтүндөгүлөр.

Ал эми SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиргендей, Новопавловка айылындагы мектептин жанындагы аялдамага мыйзамсыз курулган техникалык тейлөөчү жайдын ээси аял киши. Сокулук районунун тургундарынын көптөгөн кайрылууларына карабастан, ал жайдын ээсине эч ким чара көрө албай келгенин айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: