super.kg logo

Жеңиш Молдокматов: "Паспортун берип, акчасын алып каттоого тургандар шайлоо бүткөндө азабын тартат..."

 

"Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов айрым шаарлардагы массалык каттоо тууралуу жана анын кесепети жөнүндө өз пикирин айтты.

- Парламенттик шайлоонун астындагы дагы бир аламан жарыш жергиликтүү кеңештерге шайлоо апрелде болгону турат. Сиздердин партиянын даярдыгы кандай?

- Бул "Замандаштын" биринчи шайлоосу эмес, буга чейин бир нече шайлоону башынан өткөргөн. Бирок жергиликтүү шайлоо өзгөчө болгону турат. Биринчиден, кымбат. Экинчиден, болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар менен коштолууда. Жарандарды ашыкча каттоо Ош шаарында 40 миңге жакын, Токмокто 7 миңден, Караколдо 3 миңден ашты. Парламент депутаттары "буга эч бир мыйзам менен бөгөт коё албайт экенбиз" деп айтып жатышат. Ошол эле учурда, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо” жөнүндөгү мыйзамдын 12-беренесинин 2-бөлүгүндө "шайлоочулардын тизмеси шайлоого чейин 60 календардык күндө бекип, илиниши керек" так жазылган. Ал эми, шайлоо күнү 12-апрелге бекип жатат. Демек, БШКнын токтомуна ылайык, шайлоочулардын тизмесин бекитүү 10 күнгө узартылды. БШКнын токтому менен “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо” жөнүндө Конституциялык Мыйзамды жокко чыгарышты. Учуру келгенде укук талаасында жооптуу адамдар жооп берип калышы толук ыктымал.

Ошол эле Ош,Токмок, Караколду ала турган болсок, бир үйгө 1300 адамды каттап коюшкан деп БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова айтты. Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) кызматкерлери үйлөрүнө 500-600 адамды каттап алган. БШК менен МКК ар бир жаран жүрүп-турганы эркин болуш керек деп айтып жатат. Ошол эле учурда Турак жай кодексине ылайык, ар бир каттоого турган жарандын турак жай аянты 12 чарчы метрден кем болбош керек. Бир үйдө мисалы 50 чарчы метр болсо, 1300 адамга бөлсөк, канчадан тийип калып жатат?

Үчүнчү маселе - бул март айынан тарта жалпы калктын санын тактоо кампаниясы башталат. Кантип каттайт? Айылдан келгендерди ошол мезгилде 12-апрелге чейин алар бир адамдын үйүндө катталган болсо, айылдан шаарга катталса, алар айылда жок шаардан чыгып калып жатпайбы. Кийин көчүп барса, алар жок болуп калып жатпайбы. Мына ушундай нонсенстер бар.

- Азыр бийликчил деп аталып жаткан партиялар да бул өтө туура эмес деп айтып жатышат. Оппозициялык партиялар дагы, нейтралдык партиялар дагы бул туура эмес дешүүдө. Муну ким жасап жатат? Же бардыгы биригип ушуга кызыкдарбы?

- Эң эле жөнөкөй жолу бул парламентте, бийликте отурган аткаминерлердин колу менен жасалып жатат. Анткени рычагы бар да. Кайсы бир партия шайлоого аттанса, ошол партиялардын төрагалары, өкүлдөрү же мүчөлөрү парламентте, бийликте болсо, мына ошолор жасап жатат да. Ал эми, парламентте кайсыл партиялар бар экенин айтпасак да белгилүү. Мен, сиз жасай албайбыз да муну. МККга жакын жолой албайбыз. Туура айттыңыз, айрым партиялар сайттарга чейин кайрылуу менен чыгып жатпайбы мына өздөрү жасап жатат да, эртең мына биз чыкканбыз деп айтканга. Анын баары ачыкка чыгат.

Бир коркунуч бар каттоодо. Ошол 1000 кишини бир үйгө каттап койду. Ошол каттаган үй ээсине эртеңки күнү айып пулдун баары келет, бардык коммуналдык кызмат акылар келет, бирөө ооруйт, бирөөнө справка керек, бирөө кредит алат, мына машакаттын баары ошол жерде жатат. Шайлоо бүтөт. 30 жылда канча шайлоону өткөрдүк. Шайлоонун эртеси да бар. Адамдарды ташып, айылдардан алып келип бардык чыгымды көтөрүп жатышат, паспортун алып акчасын берип жатат. Шайлоо бүткөндөн кийин ал партиялардын бирин дагы таппай калат. Ошол миң киши ошол үйдөн кантип чыгат, кайра каттого кантип отурат – бул чоң маселе.

Булак: Жалбырак ТВ


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(11)
19.02.2020. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул Жеңиш мырзаны депутаттыкка шайлоо керек. Жөнөкөй калк менен дайыма байланышта.
19.02.2020. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туура добушту сатпай шайлоо откоргонду качан уйронобуз?
19.02.2020. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алгач биз жарандар өзүбүз таза болсок анан таза депутаттар келет.
19.02.2020. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл озу деле куноолуу, алданып калат. Акчасын алсанар алгыла, бирок мээнер менен шайлагыла
19.02.2020. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
акчага сатылгандар бийликке сын тагышка моралдык укугуңар жок сен уже сатылгандар кийин кулсуң добушуңду кимге сатсаң ошол сенин кожойунуң болот
chake түзөттү 2020-02-19 17:16:51
19.02.2020. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бул кыска жашоодо добушту сатып эмне болоор экенбиз мына мен кепилдик берем ал акча жукпайт татыбайт! Добушунду бир жолу сатсаң канча жакшылык кылсаң да бекер болот экен. Добушуңду сатканың Мекенинди сатканың, Кытайга жер сатканың менен барабар! Арам арам Кыргызстандын өнүкпөй калуусуна,ошол корупциянердин ар бир кылган ишине добушуңду саткан сен жана сен күнөөлүсуң!
Samatalibei түзөттү 2020-02-19 17:40:38
20.02.2020. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Добушун саткан адамдар жеп-жутарларга нааразы болгонго акынар жок,жер саткандарга нааразы болгонго акынар жок анткени силердин деле айырманар жок ошолордон....!
20.02.2020. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мисалы Ошко 40 мин киши каталогов турса алар дыни баары добушун сатып жатат да,бул айылдан баргандар эле,шаардагылар деле сатат добуш уникальный, анан артынан суйлонуп журо беребиз иштебейт, койлор жегичтер деп,убагында озунуз акча акчага кызыгып шайлаганыбыз эртен чыгып
20.02.2020. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге эле акчага алып,добушун сатып жатат деп жатасынар?Ушунча шайлоону коруп деле атасынар го.. Шайлоого барып башканы шайласан деле бийликтин партиясы отуп кетет.Шайлоого барбасанр деле силердин ордунарга бироо шайлап коет. Баарын компютьерлештирип койгон.Мен уккамын бир бийликтин адамынан,силер шайлабасанар деле баары бир отобуз деген...
20.02.2020. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары бир бийликтин партиями отуп
20.02.2020. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул малга чейин добуш саталбадым добуш канча болуп жатат болсо айткыла таза добуш чириги жок урулган эмес штраф жок общем 0.8 как тико
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: