super.kg logo

Чүйдө түзөтүү колониясына баңгизат өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды

 

Чүй облусунда түзөтүү колониясына баңгизат каражаттарын өткөрүүгө аракет кылган эркек киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Москва районунун Петровка айылында жайгашкан №8 түзөтүү колониясынын жанынан 32 жаштагы мурда соттолгон К.Э аттуу жаран кармалган. Ал колонияга баңгизат каражатын ыргытып жиберүүгө аракет кылган. Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн оперативдүү тобу шектүүнү кармоо операциясы учурунда андан 51-54 грамм "гашиш" табышкан. К.Э убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: