Шашылыш билдирүү! Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүсүн атайылап түшүрүү иштери жүрүүдө
19-февралдан 26-февралга чейин Бишкек-Ош унаа жолунда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү иштери жүрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"19-февраль күнү ӨКМнын ыкчам тобу жана КК ГШнын артиллериялык эсеби саат 17:00дө Бишкек-Ош унаа жолунун Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин аймагында (Төө-Ашуу ашуусу) кар көчкүлөрүн атайылап атып түшүрүү иш-чараларын башташкан. Жыйынтыгында 3750 метр куб кар көчкү түшкөн.
Кар көчкүлөрүн атайылап атып түшүрүү иш-чаралары 20-февраль күнү улантылат", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:58
2026-03-04
22:59
2026-03-03
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















