Орто Азияга биринчи жолу Чемпиондор Лигасынын Кубогу келет



"Ливерпуль" командасы учурдагы Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү

Зинедин Зидан Чемпиондор Лигасынын Кубогу менен
Өзбекстандын борбору Ташкент шаарына Европадагы эң ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын Кубогу алып келинет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары жазып чыгышты.
УЕФА уюму менен "Pepsi Uzbekistan" компаниясы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жыйынтыгында Ташкент шаарында Орто Азияда биринчи жолу Чемпиондор Лигасынын Кубогу көрсөтүлөт. Көргөзмө 22-23-февраль күндөрү "Axelon" картингдик клубунда болот. Бул күнү күйөрмандар Кубокту кармап көрүп, сүрөткө түшө алышат.
Бул Кубоктун сырты күмүш, ал эми ичи алтын менен капталган. Жалпы салмагы 7 жарым килограмм болуп, бийиктиги 74 сантиметрди түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(1)
murat17

20.02.2020. 18:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эмни ошол кубокту кармасан же суротко тушсон муйуз деле чыкпайт экинчиден озун мээнет кылып утуп башынан ойдо которгонго жетпейт
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.