Канат Садыков: "Ата-энелер мектептердеги мыйзамсыз акча чогултууларга каршы турушу керек"
"Ата-энелер мектептердеги мыйзамсыз акча чогултууларга каршы күрөшүүсү керек",- деп билдирди билим берүү жана илим министри Канат Садыков 2-августтагы маалымат жыйында. Министр белгилегендей, мындай мыйзамсыз көрүнүш Бишкектеги орун тартыш болгон элиталык мектептерде орун алууда. "Министрлик ата-энелерден акча чогултууну токтотуу боюнча буйрук чыгарган. Бирок дагы деле чогултулуп жатканы тууралуу арыз түзүүдө. Биз 2 миңден ашык мектептин баарын көзөмөлдөй албайбыз, буга ата-энелер да жардамдашса",- деди министр. Садыков түшкөн арыздар боюнча текшерүү жүрүп жатканын, акча талап кылган мектеп жетекчилигине катуу чара көрүлө турганын кошумчалады.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
2

