super.kg logo
  Саясат  

Депутат коңшу өлкөлөрдүн жарандары үчүн патент системин киргизүүнү сунуштады

 

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңеште Кыргыз өлкөсүнүн аймагына мезгил-мезгили менен келип турушкан чектеш мамлекеттердин жарандарынын эмгектенүү иш аракеттерин мыйзамдаштырууга багытталган мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Исхак Пирматовдун айтымында, учурда сырттан Кыргыз мамлекетине кирген эмгек мигранттары өлкө мыйзамдарына ылайык эки жол менен гана кире алат. "Мыйзам долбоорунун максаты - чектеш мамлекеттердин жарандарынын эмгек миграциясына көзөмөл жүргүзүү жана жекече эмгектик иш аракеттерге патент берүүдөн келип түшкөн каражаттардын эсебинен бюджетти толтуруу болуп саналат. Эгерде Кыргыз мамлекетинде 100 миңге жакын чек арага чектеш эмгекчи-мигранттар туруктуу жүрөт деп болжолдосок, анда патент системин киргизгенибизде айына патент үчүн шарттуу минималдык баа 500 сом болгондо патент берүүдөн бюджетке түшкөн каражат жылына 8 миллион долларга жетиши мүмкүн", - дейт Пирматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: