super.kg logo

Өзбекстанда үйү сүрдүрүү алдында турган аял өзүнө өрт коюп жиберди

 
Кызын сактайм деп күйүк алган атасы учурда ооруканада дарыланууда.

19-февраль күнү саат 9-10дор чамасында Кашкадарья облусунун тургуну Мукаддас Мустафаева облустук прокуратуранын жанында өзүнө бензин чачып, өрт коюп жиберген. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Өрт өз убагында өчүрүлгөндүктөн, аял жабыр тарткан эмес. Аны сактап калам деген 60 жаштагы атасы күйүк алып, облустук ооруканага жеткирилген. Мукаддас мындай аракетке айласыздан барганын айтууда.

Арыздануучунун айтымында, ал 2019-жылы эжесинин үй-бүлөсү мал багып жүргөн 7 сотых каралбай калган, ээси жок жерге бир бөлмөлүү үй салат. Бирок бир нече айдан кийин кайдан-жайдан жердин ээси пайда болот. "Менин үйүм жок болгондуктан айласыз кредит алып, бир бөлмөлүү үйдү салганбыз. Күйөөм 2-топтогу майып, биздин бир балабыз бар, азыр экинчисин күтүп жатабыз. Чынында, бизде жерге ээлик кылганыбызды тастыктаган документ жок. Биз айласыздан бош турган жерге үй салып алганбыз. Жактоочунун жардамы менен биз үй салган жер жеке адамга эмес, мамлекетке тиешелүү экендигин тастыктаган документтерди чогултканбыз. Документтерди прокуратура, райондук администрацияга бергенибиз менен жергиликтүү бийлик аны карабай үйдү сүрдүртөбүз деп жатышат", - дейт кейиген аял.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.02.2020. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эхх жашоо!
20.02.2020. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакында эле президенти ушундай окуяда үй бузган кызматчыларын катуу жазалаган,биздегидей факты барбы деп отурбай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: