super.kg logo
  Саясат  

Бишкектин Сельсовет жана Мукаш Абдраев көчөлөрүндө көчө жарыктары орнотулду

 
Бишкектин 2 көчөсүндө жарыктандыруу каражаттары коюлду
Энергия үнөмдөөчү лампалар орнотулду
Сельсовет көчөсүндө жашаган элдер бул ишке кубанышып, райондук админитрацияга ыраазычылыгын билдиришти

Бишкектин Сельсовет жана Мукаш Абдраев көчөлөрүндө көчө жарыктары орнотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Жалпы узундугу 1 чакырым 700 метрди түзгөн бул көчөлөрдө 130 зым карагайлар оңдолуп, электр чубалгылары алмаштырылып, энергия үнөмдөөчү лампалар коюлду. “Көчөлөрдү жарыктандыруу иштери “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагындагы актуалдуу маселе. Учурда бул көчөлөргө балдардын спорт, эс алуу аянтчаларын уюштуруу маселеси каралууда, жылдын аягына чейин аларды ачуу белгиленүүдө. Ошондой эле үйлөрдү борбордук канализацияга кошуу, жолдорду оңдоо маселелери да каралууда”,- деди Ленин райондук администрация башчысы Алтынай Өмүрбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: