24-февралда өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаап, карга айланышы күтүлөт. Аба ырайы тууралуу маалымат
21-февралда жана 22-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидрометтен билдиришет.
22-февралда күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жамгыр, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын айрым райондордо күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
23-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым аймактарында жамгыр, кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. 23-февралда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-февралда күндүз жана 23-февралда түнкүсүн, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
24-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, тоо этектеринде жамгыр жаап, карга айланышы мүмкүн. Нарын облусунун айрым аймактарында кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
25-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 25-февралда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.


