super.kg logo

Чүйдө мурда соттолгон жаран диний-экстремисттик материалдарды даярдап, жайылтууга аракет кылганга шектелип кармалды

 

Чүйдө диний-экстремисттик материалдарды даярдап, аны жайылтып жүргөнгө шектелип мурда соттолгон жаран кармалды. Кылмышка шектүүнүн үйүнөн китептер, кагаздар, блокноттор, тетраддар, ноутбук жана курал-жарак алынган.

Маалым болгондой, январь айынын соңунда Аламүдүн РИИБине жергиликтүү тургундардын биринде тыюу салынган диний-экстремисттик окуу куралдары бар экендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 315-берене (экстремисттик материалдарды даярдоо жана жайылтуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"Аталган факты боюнча милиция кызматкерлери Пригородный айылындагы үйлөрдү тинтүүгө алышкан. Анын жүрүшүндө мурда соттолгон 45 жаштагы И.Р. аттуу жарандын үйүнөн экстремисттик материалдар, "Хизбут-Тахрир" деген жазуусу бар желек, Юнкер, Леворвер РС-3 тапанчалары жана 9 даана бычак алынган.

Бул иш боюнча тешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.02.2020. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаштар арасында светтик маданиятты которуш керек. Диний фанатизм жаштар арасында массалык мүнөзгө ээ болуп бара жатат. Аягы жакшы менен бүтпөйт. Эч бир билимге же фактыга таянбанган диний идеяларга ишене бербейли. Чеги менен болгону жакшы. Динге берилип курулай эле кыяладана берген да болбойт.
yrmat88 түзөттү 2020-02-20 23:50:48
20.02.2020. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Фанатизмден откон тозок жок бул жашоодо. Мындай ашынган исламчылдардын колуна автомат эле керек болуп калды. Оздорунун идеяларын булар башка жол менен жайылта албай калышты.
21.02.2020. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшылап издешсе доХХХа болсо керек мындайлар.Озу сакалчандарды корсом эле корко берем...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: