super.kg logo

Нарында 13 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан кыз Бишкектен табылды. Ал өзүнөн 8 жаш улуу адам менен жүргөн

 

Милиция кызматкерлери 13 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан кызды Бишкек шаарынан табышты. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-февраль күнү Ат-Башы РИИБине Ат-Башы районунун тургуну 1993-жылы туулган М.у.Б арыз менен кайрылган. Анда 7-февраль күнү саат 08:30 чамасында үйдөн бир тууган карындашы 2003-жылы туулган Т.М. мектепке кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан. "Ал үстүндө өңү кара түстөгү күрмө, кара шым, бутуна кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Аны табууга жардам берүүңүздөрдү сурайм", - деп кайрылган.

Аталган билдирүү Ат-Башы РИИБи тарабынан каттоого алынып, издөө иштери башталган. 19-февраль күнү Бишкек шаарынан дайынсыз жоголуп жаткан кыз өзүнөн 8 жаш улуу эркек адам менен чогуу жүргөн жеринен табылган. Бүгүнкү күндө кыз бир туугандарына өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
21.02.2020. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыйын чыкты го баарысы
21.02.2020. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Өлүп эле кет кыз болбой. Бешиктен белиң чыкпай атып курган экенсиң
22.02.2020. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
8 жаш улуу эркектин башы жок бекен. Токтоткулачы жаш кыздарды алдаганды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: