super.kg logo

Путин, Меркель жана Макрон телефон аркылуу байланышты

 

Орусиянын президенти Владимир Путин, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркель телефон аркылуу үч тараптуу сүйлөшүү жүргүзүштү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, алар Сириядагы жана Ливиядагы абал тууралуу баарлашты. Лидерлер бул сүйлөшүүдө Идлибдеги абалды өзгөчө белгилеп өтүштү. Владимир Путин Сириядагы террордук кооптуулукту нейтралдуу абалга өткөрүүгө токтолду. Өз кезегинде Макрон жана Меркель Идлибдеги көңүлсүздүктөрдү азайтууга жардамга кол сунууга даяр экендиктерин билдиришти. Мындан сырткары Франциянын президенти жана Германиянын канцлери Сириядагы абалды талкуулоо үчүн Владимир Путин жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугууга даяр экендиктерин билдирип өтүштү.

Андан сырткары Орусиянын президенти Владимир Путин Ханаудагы атышуудан каза болгон 10 адам үчүн Ангела Меркелге көңүл айтты.

Идлибдеги абал январдын аягындагы согушкерлердин чабуулунан кийин курчуй баштаган. Февраль айынын башында Дамасктагы согушкерлердин аракеттерине каршы Сириянын чабуулдарында түркиялык бир канча аскер кызматкерлери каза болгондугу маалым болгон. Түркия чабуулду аягына чыгарууну талап кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.02.2020. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Шыбың кеп угуп жатам Назарбаев Нурсултан ава пандачилик кылды дейби?чынбы жалганбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: