"Кудаймын" деген сөзү боюнча Арстан Алайга карата ачылган кылмыш иши токтотулду
Коомдук ишмер Арстан Алайга карата ачылган сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Кыргыз өлкөсүнүн жазык-процесстик кодексинин 26-беренесине ылайык, иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлардын негизинде Арстан Алайдын иши токтотулду. Тагыраагы, берененин 2-пунктунда жазылгандай жарандын "жосундарында кылмыштын курамы же жоруктун курамы" болгон эмес. Мына ушул жагдайларды эске алуу менен өндүрүш ишин жаптык", - дешти маалымат кызматынан.
Маалым болгондой, буга чейин 2019-жылы Арстан Алайдын "Кудаймын" деген сөзү боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анда Биринчи Май РИИБи бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 313-берене "расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу" беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштеринде диний жана лингвистикалык экспертиза дайындалган.













1 |