super.kg logo

"Жүздөгөн ич кийимди таштандыга ыргытышкан". Victoria’s Secret бренди кайра талкуу чордонунда

 

"Victoria’s Secret" ич кийимдер бренди синтетикалык ич кийимдерди таштандыга салып, экологияны бузду деп коомчулук тарабынан талкууга алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

АКШнын Колорадо штатында жайгашкан "Victoria’s Secret`тин" дүкөнү жабылгандыктан, таштанды салынчу контейнерге кызматкерлер жүздөгөн синтетикалык ткандагы ич кийимдерди ыргытышкан. Экоактивисттер аларды сындап, акыр-чикир төгүлгөн жайга барганда 100 жылга чейин жоголбой, экологияны бузат деп чыгышкан.

Колорадонун тургуну Мелани Гелинас "компания ич кийимдерди таштандыга ыргыткыча, кризистик борбордогу аялдарга же муктаж айымдарга берсе болмок" деп нааразы болгон. "Victoria’s Secret" компаниясынын өкүлү кийгенге жарабай калган ич кийимдерин ыргытышканын айткан. Ал эми эмнеге кайра иштеп чыгууга жөнөтпөй, таштандыга салганы тууралуу жооп берген эмес.

2019-жылдын ноябрь айында "Victoria’s Secret" брендинин шоу программа менен коштолгон ич кийимдер мода көргөзмөсү кризистен улам токтотулганы айтылган. Февраль айынын башында аталган бренддин жүзү болгон моделдери мурунку жетекчисин сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айтып, чуу жаратышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: