Акыйкатчы СИЗО-1де отурган төрт баласы бар кош бойлуу келиндин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранат
Акыйкатчы Токон Мамытов Октябрь райондук сотунун төрагасына учурда СИЗО-1де камакта жаткан келиндин баш коргоо чарасын кайра карап чыгып, жеңилдетип берүү сунушу менен кайрылды. Бул тууралуу акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, камактагы келин учурда кош бойлуу.
"Камактагы келиндин жашы жете элек төрт баласы бар. Улуусу 7 жашта. Ал эми өзү учурда кош бойлуу. Ал балдарын өзү гана багып, каржылап келген. Мындан улам анын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүнү суранабыз", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.