super.kg logo

Күзүндө той! Ырчы Жонни сүйүктүүсүнө сөйкө салды

 

"Күттүм, ай" ыры менен белгилүү болгон ырчы Жонни күткөн адамын тапты. Ырчы мырза менен байланышканыбызда ал сүйүктүүсүнө жакында эле сөйкө салганын айтып, буларга токтолду.

"Болочоктогу жубайымдын аты Айжан, жашы 20да. Жерлиги Жалал-Абаддан болот, бирок шаарда чоңойгон. Экөөбүз 2018-жылы таанышканбыз. Анда "Мария" деген чыгармама клип тарталы деп башкы каармандын ролуна кыз издегенбиз. Ошондо досторум Айжанды сунуштап, клипке тартылууга ылайыктуу дешкенинен Инстаграмдан сүрөттөрүн карап чыктым. Чындап эле татынакай, клиптин көркүн ача турган кыз экен. Жеке кат аркылуу байланышып, клипке тартылууну сунуштасам макул болду. Бирок ата-энеси каршы болуп койгондуктан, кайра баш тартты. Ошентип клипке башка кыз тартылып калды. Ал эми Айжан экөөбүз дос катары сүйлөшүп, кабар алышып турдук. 2019-жылдын жай мезгилинен тарта кыз-жигит катары сүйлөшүп баштадык.

Айжан тарбиясы, мүнөзү, сулуулугу менен жакты. Жакында эле ата-энелерибизди тааныштырып, сөйкө салуу каадасын кылдык. Буюрса, күзүндө үлпөт тоюбуз болот", - дейт ырчы.

Жоннинин сүйүктүүсү Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинде билим алат. Буга чейин бий тобунда бийлеп келген, ырдаганга шыгы бар экенин кошумчалады ырчы мырза.






Ырчы Джонни сүйүктүүсүнө сөйкө салды

Автор: Наргиза Талантбекова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
22.02.2020. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Татынакай кыз экен.
22.02.2020. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айжан Иранова жанылбасам. Ак-Босоголук кыз болот. Татынакай кыз, ата-энелери жакшы адамдар. Че то Ак-Босогонун кыздары популярдуу болушту. Бактылуу болушсун!!!
23.02.2020. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кошумча катары, кыз журналистикада окуса оз тенин тааптыр, айтайын дегеним журналистика тармагында эмгектенген сулуу айымдар кобунчо бай анан картан адамдарга же саясатчыларга турмушка чыгышат. Джонни жаш жигит, бир-бирине дал келишет.
Tiken түзөттү 2020-02-23 11:20:53
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: