Улуттук госпиталда каза болгон 19 жаштагы келиндин окуясы боюнча комиссия түзүлдү
3 ай мурда эгиз төрөгөн 19 жаштагы келин 17-февралда Бишкектеги Улуттук госпиталда каза болгондугу маалымдалган. Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын комиссия түзгөн. Маалыматты бүгүн, 21-февралда министрликтин ооруларды алдын алуу жана дарылоо бөлүмүнөн билдиришти.
"Окуя катталары менен атайын комиссия түзүлгөн. Каза болгон келин Каракол шаарындагы оорукананын төрөт бөлүмүндө көз жарган. Мындан улам түзүлгөн топ аталган жайга чыгып кетишкен. Алар төрөт кандай өткөнү, дарылоо кандай жүргүзүлгөнү боюнча документтер менен таанышып жатышат. Азырынча окуя тууралуу расмий маалымат берүү кыйын. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан кийин так аныктама берилет", - деп кабарлашты.
19 жаштагы Ж.Э. Ысык-Көл облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн Улуттук госпиталга 6-февралда которулган. Төрөттөн кийин анын бөйрөктөрү курч жабыркаганынан улам 25 суткага ооруканага келип түшкөн.


