super.kg logo

Кытайдын Жэньчэн түрмөсүндө 200 кылмышкер коронавируска кабылды

 

Кытайдын Шаньдун провинциясындагы абакта кылмышкерлер массалык түрдө коронавируска кабылганы аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Алгачкы жолу 13-февралда Жэньчэн түрмөсүндө түрмөнүн күзөтчүсү коронавируска кабылганы аныкталып, санитардык иш-чаралар жүргүзүлгөн. 20-февраль күнгө карата 2000ден ашык кылмышкерди жана абактын кызматкерлерин толук текшерүүдөн өткөрүшкөн. Бүгүнкү күнгө карата Жэньчэн абагында 200 кылмышкер жана күзөттүн 7 кызматкери коронавирус жуктурганын аныкталган. Учурда оорулуулардын баары дарылоо курсунан өтүүдө. Жеринде санитардык кызмат, эксперттер иш жүргүзүп, массалык түрдө вируска кабылгандардын себебин аныктоодо.

Бул окуядан кийин Шаньдун провинциясынын партиялык комитетинин чечими менен провинциянын юстиция башчысы Цзе Вэйцзюнь вирустун алдын алууда катачылык кетиргени жана Жэньчэн түрмөсүндө вирустун жайылышын көзөмөлдөй албаганы үчүн кызмат ордунан бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
23.02.2020. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түрмөнү тазалоо иши, кылмышкерлерди жок кылуунун амалы эмеспи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: