Кыргыз жарандары үчүн Шенген визасын алуу боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирди (тизме)

Кыргыз жарандары үчүн Шенген визасын алуу боюнча жаңы эрежелер күчүнө кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.
Жаңы эрежелерге ылайык:
- Виза алуу боюнча арыздар мурункудай 3 ай мурун эмес, чет жакка чыгууга 6 ай калганда тапшырылат;
- Көп жолку визаны алуу шарттары жеңилдетилди. Алсак, визалык тарыхы жайында болгон жарандар мөөнөтү 1 жылдан 5 жылга чейин бара-бара узарып туруучу көп жолку виза алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат (эгер жаран: мурдагы алган визаларын тартип бузуулары жок пайдаланса, өз өлкөсүндө материалдык абалы жакшы болсо, Шенген зонасынан визанын мөөнөтү бүткүчө чыгып кетүү кепилдигин бере алса);
- Визаны даярдоо жыйымдары 60 евродон 80 еврого (болжол менен 6 037 сом) чейин көтөрүлөт. Ал эми 6 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн 35 евродон 40 еврого чейин.
Маалым болгондой, Шенген визасы дүйнөнүн 26 мамлекетинин аймагында эч тоскоолдуксуз жер которуп жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:52
2025-09-13

19:00
2025-09-12
18:9
2025-09-12
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Absamat-90

21.02.2020. 22:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ТИМ азыр жарандар учун коптогон жакшы жагдайларды караштырып жатат.Бул да министир Айдарбековдун эмгеги.
Jaznura

21.02.2020. 23:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Визалык режим эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууга жараша болот.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.