super.kg logo

Кыргызстандагы эң ылдам мобилдик интернет. Көз карандысыз Ookla® анализи

 

Интернетти тестирлөө жана анализ тармагындагы дүйнөлүк лидери болуп саналган "Ookla" компаниясы Кыргызстандагы «Эң ылдам мобилдик түйүн» сыйлыгынын жыйынтыгын жарыялады. Бул сыйлыкка О! Мобилдик оператору татыктуу болду.

Берилген маалыматтарга ылайык, Кыргызстандагы өз кардарларына эң ылдам мобилдик Интернетти дал О! Мобилдик оператору камсыздайт. Натыйжада, жүктөөлөрдүн ылдамдыгы секундасына 19,17 Мбитти түзгөн, бул көрсөткүч рынок боюнча жакынкы өнөктөшүнүн көрсөткүчтөрүнөн 1,3 эсеге ашып кеткен.

«Speedtest тиркемесин колдонуу аркылуу күн сайын жүргүзүлгөн миллиондогон тесттердин жардамы менен "Ookla" компаниясы дүйнө жүзү боюнча Интернеттин өндүрүмдүүлүгү тууралуу ишенимдүү жана ар тараптуу пикирди иштеп чыкты. Биздин кылдат жасаган анализибиздин негизинде О! Мобилдик операторун «Эң ылдам мобилдик түйүнү» катары аныктаганыбызга кубанып жатабыз. Бул сыйлык артыкчылыктуу өндүрүмдүүлүктүн күбөлүгү болуп саналат, бул өндүрүмдүүлүктү өз кардарлары 2019-жылдын 2- жана 3-кварталында баамдай алышкан», - деп белгиледи "Ookla" компаниясынан аткаруучу вице-президенти Джейми Стивен.

"Ookla" компаниясы кыргызстандыктардын 8, 315тен ашуун уникалдуу мобилдик түзүлүштөрүндө ылдамдыктын 54,446 миң өлчөөлөрүнүн маалыматтарын анализдеген.

Сыйлык тууралуу О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко дагы ой бөлүштү: «О! Мобилдик оператору салтка айланып калгандай, тейлөөнүн сапатына басым жасоодо жана максималдуу ылдамдыктагы мобилдик Интернетке кирүүнү камсыздоого аракет кылат. O! биринчилерден болуп 4G LTE түйүнүн ишке киргизген, былтыр түйүндүн камтуу жана сыйымдуулук аймагын бир кыйла кеңейттик. Speedtest® тиркемесинин жардамы менен "Ookla" компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн анализдин алкагындагы колдонуучулардын өлчөөлөрүнүн жыйынтыгы дагы биздин Кыргызстандагы лидерлигибизди тастыктап жатат. Мындай сыйлыкка татыктуу болуу биз үчүн чоң сыймык. Бул сыйлык биздин жалпы командабызга көрсөтүп жаткан жана келечекте көрсөтө турган кызматтарыбыздын сапаты үчүн абоненттердин алдындагы жоопкерчилигибизди арттырмакчы».

Мобилдик Интернеттин жогорку ылдамдыгы абоненттерибизге иштерин тез бүтүрүп алууларына, музыка менен видеону, сүрөттөрдү онлайн жүктөөгө жана угууга, баарлашууга мүмкүнчүлүк берет.

Ылдамдык гана маанилүү эмес

Абоненттер үчүн файлдарды жүктөө жана орнотууда жогорку ылдамдык гана эмес, кызматтын жеткиликтүүлүгү да маанилүү. Демек, кардардын түзүлүш менен колдонуп жаткан аймактагы түйүндүн дагы камтуусу да абдан жогорку мааниге ээ. Бул көрсөткүч боюнча дагы О! Мобилдик оператору өз лидерлигин тастыктайт. Кыргызстандын 97%дан ашуун калкын жогорку ылдамдыктагы 4G LTE технологиясы менен камтуу дагы өлкөнүн мобилдик операторлорунун ичинде гана эмес, ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн аймагында да эң мыкты жыйынтык болуп саналат. Компания түйүндүн өнүгүү динамикасы жана техникалык команданын иши тууралуу o.kg сайтында «Түйүндүн өнүгүүсү» бөлүмүндө үзгүлтүксүз маалымдап турат.

Speedtest сервисин көрсөтүүчү "Ookla" компаниясы интернетти тестирлөө жана анализ жаатында дүйнөлүк лидер болуп саналат. Интернеттин ылдамдыктарын тестирлөө боюнча Speedtest сервиси түйүндөрдүн өндүрүмдүүлүгү жана диагностикасынын эң так ыкмасы болуп эсептелинет. Speedtest мобилдик жана бекилген кеңири тилкелүү кошулуулардын ылдамдыгы менен сапатына болгон эркин көз карашты сунуштайт. Миллиондогон колдонуучулар Ookla Speedtest тиркемесин Интернеттин ылдамдыгын тестирлөөчү №1 тиркеме кылып алышты жана ага күн сайын бул тармактын кесипкөйлөрү ишенимин көрсөтүп келишет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(14)
21.02.2020. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бизде Ак Ордо 3 конушунда интернет начар тартпайт базалык станциясы жок
21.02.2020. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Анан эле мактанышат
22.02.2020. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ошка шаарда деле тартпайт
22.02.2020. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мен Beeline, MegaCom. O! Симкарталарын алып иштетип көрдүм. Баалары, тарифтери окшош эле бирок Мегаком 2 эсеге ылдам иштеп жатат
22.02.2020. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жок адашыптыр. Мегакомго салыштырмалуу Ошканын ылдамдыгы алда канча томон! 4ж тарткан жерлерде мегаком жакшы иштейт.
22.02.2020. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мегакомго отуп мамлекетке тушсун ошол акчалар ошка бизде деле начар иштейт
22.02.2020. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошка 4ж интернет начар тартпайт антенна чыкпайт базалык станция жок биз жакта
22.02.2020. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мегаком укмуш тартат
22.02.2020. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен Ош шаарында турам О жакшы тартпайт билайндын интернетин колдоном жакшы бат баттан иштегени үчүн, анан ошкадан интернетти точка доступту ачып ноутбуктан кирейин десем кошумча акы төлөтөт, билайн андай нерсе жок бат эле уланып аласың эч кандай кошумча төлөмсүз.
22.02.2020. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эн ылдам интернет-Мегаком,эн начар интернет-Ошка!
Тиги Ookla компаниясын убара кылбай эле,жогорудагы комменттер аркылуу "анализ" жургузуп койсонор болмок)
22.02.2020. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суточный пакетти неге очуро турган кылбайсынар, ким кааласа очуруп кааласа жандырып алат. Силер элди алдап канчалаган абоненттердин акчасын алып коюп жатасынар. Жаны сим карта алсан кошумча кызматтарды бекер кошуп 10, 15 кундон кийин ал кызматтарды акылуу кылып коесунар. Кудайга да жакпайт бул кылганынар.
23.02.2020. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошка өмүрүмдө колдонгон эмесмин, Мега Ком, Билайн бирок Мега Ком интернет ылдамдыгы жакшы иштейт, бирок тез түгөнүп калат мегабайт.
23.02.2020. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туугандар шугур кылгыла. Мен коңшу Өзб Рес да жашайм. Бизде бардык симкарталарда кунумдук абоненттик толоо алынат. Кунуно орточо 6-7 сом. Анан тарифтерила кымбат жай иштейт
Мен азыр О! Иштетем акция 45 сомдук. Аптасына 10 гб. Өзб да болсо 10 гб алуу үчүн орточо 200 сом тегерегинде акча кетет. Онуда мактаныып реклама кылып берет. Бизде 10,000 мегабайтту тариф чыкты деп
Кг да болсо эч кандай кунумдук төлөө
Ашыкча услуга Кыйынчылыктар жок. Бардыгы жөнөкөй
23.02.2020. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто билайн менен мегакомду жакшы иштетишет, азыркы учурда Ошка өзүн PRлап эле келе жатат, жеке мен мегакомдун 115 сомдук тарифин колдоном, интернеттин ылдамдыгы мыкты деп айта алам
Beka19 түзөттү 2020-02-23 11:04:59
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: