№95 мектептеги мугалим менен эне чыры: Окуучу кыз "укугумду коргоңуздар" дейт (видео)
Буга чейин Умай Турсунбекова менен Периште Турсунбекова учурда мектепке барууну токтотуп, музыкалык ийримдерине гана барып жатышканы тууралуу жазганбыз.
Бүгүн, 22-февралда №95 мектептин 4-классынын окуучусу Умай Турсунбекованын азыркы абалы тууралуу айтып берген видеосу тарады. Анда окуучу кыз мугалимдер, окуучулар жана мектеп кызматкерлери алардын окууга келбеши үчүн кандайдыр бир кагазга кол коюп беришкени тууралуу айтып берген.
"Менин укугумду коргоңуздар. Мен башка эле мектепке барып окуйт окшойм", - деп билдирген окуучу кыз.
Видео тууралуу кыздын апасы Шахзада Авсаматова төмөнкүлөрдү маалымдады.
Айтымында, ал кыздары сүйлөп, тарткан видеодон өзү дагы кабардар эмес.
"Балдарыма чынында кыйын болду. 2 айдан бери сүйрөлүп сотко барып жүргөнү, алардын көкөйүнө тийсе керек. Бүгүн кызым Умайдын туулган күнү болчу. Эртең менен менин телефонумду сураган, анан ага кол телефонумду бергем.
Негизи мен кадимки күндөрү аларга көп деле телефон карматпайм. Бирок бүгүн туулган күнү болгондуктан телефонумду ага берип, туулган күнүнө майда-чүйдө алып келүү үчүн эртең менен үйдөн чыгып кеткем. Кийин эле туугандарым айтып калды, кыздарым ушундай видео тартып, аларга жиберишкен экен", - деди ал.
Өткөн жылдын 17-декабрь күнү №95 мектептин башталгыч классынын мугалими Гүлфиза Мамытбекова менен окуучунун апасы Шахзада Авсаматованын ортосунда чыр чыкканы коомчулукка белгилүү. Кийинчерээк аталган окуяны чагылдырган видео социалдык тармактарга тараган.
Ал эми 14-февралда аталган окуя боюнча сот чечим чыгарып, Шахзада Авсаматовага 30 миң сом айып салган болчу.
Окуучу кыз "укугумду коргоңуздар"



Sizdin kiziniz ywyndai situassiaga kabilsa kandai kilmaksiz?
Apasinda da kynoo bar owentse da ywyndai darajaga jetkirgen mygalimdin kynoosy chon degen oidomyn.
Бир жери кемип кала тургансып