ӨКМ: "Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Жаңы-Жол тилкесине таштар түшүп, жол каттамы жабылды"
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Жаңы-Жол тилкесине таштар түшүп, жол каттамы жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, бүгүн саат 15:10 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 360-чакырымында Жаңы-Жол тилкесиндеги жолго таштар түшүп, жол каттамы жабылды. Тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 2 даана техника, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 5 куткаруучусу тартылды. Таш кулоодон жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:18
2026-03-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















