super.kg logo

Түштүк Корея эки күндүн ичинде коронавирустун үчүнчү ири очогуна айланды

 

Түштүк Корея эки күндүн ичинде коронавирустун үчүнчү ири очогу болуп калды. Биринчи орунда Кытай турары маалым, экинчиде карантинге токтотулган круиздик лайнердин жүргүнчүлөрүнүн эсебинен Япония турат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Түштүк Кореяда жаңыдан 87 адам коронавирус жуктуруп алды. Жалпы вирусту жуктуруп алгандардын саны 433. Үч күн мурун Түштүк Кореяда вирусту жуктургандардын саны 50 болчу. Аталган өлкөдө Тэгу шаары башкы очокко айланды, анда 2,5 миллионго жакын адам жашайт.

Түштүк Кореянын бийлиги коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйүп кетүүсүн Синчонжи деп аталган диний уюмдун мүчөлөрүнө байланыштырууда. Тэгу шаарында вирустун булагы болуп аталган уюмдун 61 жаштагы мүчөсү болгон деп айтылууда. 10-февралда эле анда инфекциянын белгилери байкалып, бирок ал эки жолу тест тапшыруудан баш тартып койгон. 18-февралда ага коронавирус жукканы аныкталган, анткен менен ага дейре ал эки ирет миңден ашуун адам болгон диний сыйынуу жөрөлгөсүнө катышканы маалым болгон. Азыркы тапта инфекциянын белгилери дагы 500дөн ашуун уюмдун мүчөсүндө байкалууда. Бул аралыкта Синчонжи Тэгу шаарындагы ишмердигин, тагыраагы адам көп чогулган сыйынууларын токтотту. Тэгу шаарынын бийлиги тургундарын көчөгө көп чыкпоосуна кеңеш берип, бала бакчаларды жана китепканаларды жапты.

Коронавирус оорусу тууралуу маалымат 2019-жылдын декабрь айынын аягында чыга баштаган. Анда Ухан шаарында белгисиз өпкө оорусу жайыла баштаганы айтылган. Вирус адамдарга базарда сатылган деңиз азыктары жана жыландар аркылуу жуккан деген версиялар айтылып келет. Дарыгерлер оорунун вирусу адамдан адамга жугат деп расмий билдиргенден тартып, дүйнө жүзү боюнча бул коркунучтуу вируска каршы ар кандай алдын ала иш-чаралар жасала баштады.






Коронавирус Түштүк Корея менен Италияны каптап жатат

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
23.02.2020. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Туштук Кореяда иштеген мекендештер качкыла аяктан оз уйунорго
23.02.2020. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Пока тарай электе кайткыла туугандар, кореяда кыргыздар Москвадан кийин эле ошол жакта коп болуш керек.
23.02.2020. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
корейстандагы кыргызстандыктар аман болсун. жугузуп качпай таза экенинерде качкыла уй- уйунорго.
23.02.2020. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Биз каронавирус деп паника болуп жатканда,бизде гепатит деген чон проблема бар экен,ооругандар жарым миллионго жакын экен,бул дагы ото жугуштуу экен,тиш щеткадан,бритвадан,стомотологиядан,тиш тазалагычтан,салон красоты,чач тарачтан,жыныстык катнаштан,кан куюдан,жугуп кетиши мумкун экен жуктурсан копко чейин билинбейт дейт,дарыларына коп акча кетет экен,боор алмаштырууга жетип кетсе 30мин доллар кетет экен,орто азия жана Россияга караганда Кыргызстанда бизде эн коп экен.
24.02.2020. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz_bloger, чач тарачта, стоматологияда иштегендерге ыйман берип, бираз акчасына кызыкпай баарын таза кармап одноразовый буюмдарды сразу ыргытсын эми
23.02.2020. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
605 жукту, 6 адам каза болду(
24.02.2020. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кореяга келем дегендер келбей тургула иштер ото азайды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: