super.kg logo

Чүйдө 70 жаштагы аялга бычак такап коркутуп, аны карактап кеткен жаран кармалды

 

Чүй ОИИББинин кызматкерлери 70 жаштагы аялды карактап кеткен жаранды кармашты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 18-февраль күнү Аламүдүн айылындагы үйлөрдүн биринде бет капчан болгон белгисиз жаран каракчылык кылганы боюнча маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу 70 жаштагы аялды бычак менен коркутуп, анын акчаларын жана зер буюмдарын уурдап, андан соң качып кеткенин аныкташкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми шектүү катары 37 жаштагы жаран кармалып учурда СИЗО-1ге камакка алынды.

Тергөөдө шектүү буга чейин аталган аялдын үйүн сатып алмакчы болуп, анын үйүнө барып жүргөн. Аял баласы менен гана жашай турганын, баласы көпчүлүк убакта жумушта болорун аныктап билген.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: