super.kg logo

Жабырлануучу: "Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери издөөгө кеткен чыгымдарды төлөп берсең шектүүнү кармап келебиз деп жатышат"

 

Москвадан Бишкекке келип, акчасын уурдатып жиберген Дөөлөтбек Касымбек уулу SUPER.KG порталына кайрылды. Ал "арызымды жазып, жада калса шектүүнүн сүрөтүн, дарегин таап берсем дагы милиция кызматкерлери реакция кылбай жатышат" дейт.

"Мен 14-январга караган түнү Бишкекке Москвадан унаа алып, айдап келдим. Жолдон жалгыз келбейин деп 3 жүргүнчү сала келгем. Алардын бири "мени тоноп кетишти, акчам жок. Бишкектен берейин, апам Түркиядан акча салат" деп айтты. Макул болуп салып алдым. Бишкекке 14-январь күнү саат түнкү 4тө келдик. Чарчап калгандыктан жол киреси жок келген бала экөөбүз таң атканча деп унаада уктамак болдук. Муздак шамал келип жаткандан тура калсам унаанын эшиги ачык экен. Жанымдагы бала жок. Анан эле баштыгымдагы 15 миң рубль жана 5 миң 500 теңге жана 3 миң сом акчам жок. Акчамды алыптыр дагы унаанын эшигин жаппай качыптыр. Мен ошол замат Биринчи Май РИИБине барып арыз жаздым. Арызды милиция кызматкерлери алды дагы мага карап, кагаз жокпу деп сурашты. Кагаз дегени көрсө акча экен. Мен аларга өзүм тонолуп келе жатсам кайдагы акча дедим.

Кийин телефон аркылуу опер кызматкерлерине шектүүнүн сүрөтүн, дарегин таап бердим. Ал болжолдуу Жалал-Абад шаарында болчу. Бирок алар жалпы чыгымды төлөп берсең, шектүүнү кармап келебиз деп айтышты. Муну кандай түшүнсө болот, бул силердин ишиңер десем билгениңди кыл дешти. Менин кайрылганымдын себеби дагы ушул кызматкерлердин мага болгон мамилеси. Себеби эч бир жерден шектүүнү кармап келиш үчүн жабырлануучудан акча сураган учурду кездештирген же уккан эмесмин. Мен аябай таң калдым. Алардын ордуна өзүм ал баланы издеп, аларга сүрөттөрүн жөнөтүп жүрөм, алар болсо издөө дагы салып коюшкан жок. Мындан улам массалык маалымат каражаттарына алардын ушул кылыгын айтайын деп кайрылдым.

Менин акчамды уурдады деген баланы Москвадагы туугандарыбыз аркылуу издештирсек, ал Москвада дагы акча уурдап жүрүптүр. Бишкектен ал балага карата арыз жазганымды уккан Москвадагы мекендештерибиз аны карматсаң, биз дагы арыз жазабыз деп жатышат", - деди ал.

Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, алар жогорудагы жарандан арыз келип түшкөнүн тастыкташты.

"Бул арыз келип түшкөн. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "уурдоо" беренеси менен катталган. Учурда сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
24.02.2020. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
мындай көрүнүштөрдү сразу ушундай социалдык желеге илсеңер коррупция менен күрөшүүдө сен дагы жардам берген болосуң
24.02.2020. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Коррупцияга каршы чогуу күрөшүшүбүз керек.
24.02.2020. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaznura,мен 9000сомго алган телефонумду кафеден уурдатып,кантип уурдап кеткенинен бери видео байкоого тушуп калган экен.ошону видеону кошо алып баргам милицияларга,бирок9000дик телефону издешпейт экени10000минден ойдо болсо издейт экен.кимдир бироого кызык болсо ал видео даагы деле бар менде,коргозо алам
Shabi түзөттү 2020-02-24 17:08:48
24.02.2020. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мен дагы 10мин сом акчамды машинамдан уурдатырганмын .Арыз менен кайрылсам ушуга дагы жазасынбы озун машинаны култабай коюпсун сен кайра мени куноолоп койгон.10мин сом алар учун акча эмес болсо кээ бир адам учун 10мин сом чоон акча.
24.02.2020. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин милициям менден акча сурайт
24.02.2020. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай учурда аты жонун кайсы жерде иштейт ж.б данныйларынан бери айтсанар коррупцияга каршы жакшы жардам болот
24.02.2020. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр милициялардан толк жок,менин телефонумду мурда бирге иштеген бир бала уурдаган,милицияга баланын суротун,бердим,адресин айттым,тел.каропка документин бердим,такыр желаниясы жок го,бир нерсе умут кылгандай,анан интернеттен видео коруп,гугл аккаунт аркылуу озум таап алдым,досумду тоноп кетти,тел.акча документ,даже кыйратып издешкен дагы жок,ошондон кийин ойлодум озубузго сак болуп милицияга ишенбеш керек.
24.02.2020. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы заманда озундон башкага эч ишенбеш керек олдум талдым жардам деп жакшылык кылсан кайра озунду куноолгон адамдарды башыман откозуп жатам мен да
24.02.2020. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Квартирант болуп үйүмдө жашаган кыз буюмдарымды алып, комуслугаларды төлөбөй качып кеткенде арыз жазсам, бензин куйсан издейбиз деген УВД дан.. БЕТ ДЕГЕН КАЛГАН ЭМЕС!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: