super.kg logo
  Спорт  

"Ош-Талас ынтымагы" көк бөрү боюнча мелдеште Талас облусу биринчиликти алды

 

Ош шаарындагы ат майданда 22-23-февраль күндөрү өткөн облустар аралык ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган көк бөрү боюнча мелдеште Талас облусу биринчиликти алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Кубат Аскарбеков билдирди.

"Бул мелдеш облустар аралык ынтымакты бекемдөө максатында 2018-жылдан баштап уюштурулуп келет. Бул мелдешке Ош облусунан төрт команда, Талас облусунан төрт команда болуп, жалпы сегиз команда катышты. Байгенин жалпы суммасы 1 миллион сом болду. Биринчи орунду "Талас" командасы алып 300 миң сом сыйлыкка ээ болсо, экинчи орунду "Кара-Буура" командасы алып 200 миң сом утуп алды. Ал эми үчүнчү орунга "Бакай-Ата" командасы татып 100 миң сом акчалай сыйлыктын ээси болду. Калган командаларга 20 миң сомдон бөлүнүп берилди", - деп билдирди.

"Ош-Талас ынтымагы" көк бөрү мелдешине катышкан 8 команда:

1. "Талас" командасы (Талас облусу);

2. "Өзгөн" командасы (Ош облусу);

3. "Бакай-Ата" командасы (Талас облусу);

4. "Кара-Суу" командасы (Ош облусу);

5. "Манас" командасы (Талас облусу);

6. "Салам-Алик" командасы (Ош облусу);

7. "Кара-Буура" командасы (Талас облусу);

8. "Ноокат" командасы (Ош облусу).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
24.02.2020. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
мен озум Оштукмун бирок таластын командалары кок боруну ото жакшы ойнойт экен биринчи таласта откон ушундай турнир анда дагы таластын командасы мыкты оюн алып барышкан алга биримдиктуу ынтымактуу Кыргызстан
24.02.2020. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чынында Таластык туугандар ото жакшы ойношот экен!
Азаматсынар! Оштон салам!
24.02.2020. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ынтымак достук бекем Болсун Таластан Салам
24.02.2020. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Молодцы оштук туугандар. Ушундай ынтымактар көп болсун. Таластан салам!!! Ош жергеси меймандос!!!
24.02.2020. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырыс алды ынтымак
24.02.2020. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Достук командасы жокко. Таластыктар ушинтип эле тихо-мирно жеңип, оор басырыктуу болуп жүрө бергилечи, дароо эле спортту никелеп алгансып "Таластан спортту эч ким талашпасын" деп мактана баштабай, атак красавчиксиңер Таластыктар!
24.02.2020. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мына Кыргыз элибиз ушундай ынтымактуу болуп журо беришсин Аминь
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: