super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Сүйүнчү пулду 2 айдан бери ала албай жатабыз. Акча жок, күткүлө деп жатышат" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну эки айдан бери сүйүнчү пул ала албай жүргөнүн айтып кайрылды.

"3-январда кыздуу болгонбуз. Кызыбыздын аты Алиса Таалайбекова. Төрөтканадан чыгарыбыз менен 8-9-январда Ош шаарында Сүйүнчү пул алуу үчүн документ тапшырганбыз. Мени менен тең карындашым Алай районунун Гүлчө айылынан тапшырып, бир жумада алды. Биз эки айдан бери ала албай жүрөбүз. Азыр чалып сурасам, "силер каттоодон өттүңөр. Бирок азыр бизде акча жок болуп жатат. Качан келери да белгисиз. Андыктан качан алышыңарды айта албайбыз, күткүлө" деп коюшту", - дейт нааразы болгон окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
24.02.2020. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Бир кундо тушту деп смс келген
24.02.2020. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча сом берет экен суйунчуу пул? Уйлонот окшойм.
24.02.2020. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош шаардык эмгек жана өнүгүү социалдык башкармалыгына Сүйүнчү пул алуу үчүн кайрылбайсыз МККга кайрыласыз туулгандыгы туралуу куболук алып жатканда эле ошол жерге кайрылсаныз ошол жерде бутмок ишиниз
24.02.2020. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 4 январда кыздуу болдум.Суйунчуго тапшыргандан кийин 2кундо эле келди туура эмес тапшырсан керекда
24.02.2020. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 07-февралда уулдуу болгомун документтерин 18-февраль куну тапшыргам мага 4000 сом суйунчу пул 19-февраль куну тушкон. Мамлекетке чон рахмат.
24.02.2020. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Акча тилейтта жетештер, кичине акча берейин тездете аласыңарбы дейт бекен деп жегичтер!!!

Анан мыногу "ов, ова, ович, овна" деген эски терминдерден чыгып, "Уулу" же "Алмаз Актан" деген кыргызча ысымдарга өтсөк болбойбу? Качанкыга чейин фащист орустун терминин колдонобуз?!
24.02.2020. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен 2 кундо эле алдым.
24.02.2020. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Москва да уулдуу болдум акчага эсептеген де 50 минче подарка беришти болбосо Кыргызтандын жаараныбыз А бизде 4000 мин беришет ошону да Созушат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: