super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги: "Сүйүнчү пул эки күндө берилиши керек"

 

Буга чейин "Элдик кабар" бөлүмүнө "Сүйүнчү пулду эки айдан бери ала албай жатабыз" деп окурман нааразычылыгын айтып кайрылган. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан "сүйүнчү пул 2 күндө берилиши керек" деп жооп берди.

"Арыз жазган жарандын 2 айга жакын аралыкта сүйүнчү пулду албай калганы кызык. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде акча жок деген маселе болбойт. Башында ооба, 3-4 айга чейин ала албай, арыздангандар көп болду. Азыр сүйүнчү пулду алуунун оңой жолун иштеп чыкканбыз. Жарандар ЗАГС, калкты тейлөө борборуна барып балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк аларда эле дароо сүйүнчү пул алам деп арыз калтырат. Арыз бизге 1 саатка жетпей келип, Калкты тейлөө борборундагы базага түшөт. Базага түшкөн соң акча жарандын транзиттик эсебине түшөт да телефонуна "сиздин эсебиңизге акча түштү" деген билдирүү келет. Сүйүнчү пулду эки күндө гана алса болот", - дейт министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: