Баткен облусунда бир апта ичинде 29 мас абалында унаа башкарган айдоочу кармалды




Баткен облусунда бир апта ичинде 29 мас абалында унаа башкарган айдоочулар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында күндүзгү жана түнкү кызматтарда иш алып барууда.
17-23-февраль аралыгында жол эрежесин бузган 813 протокол түзүлгөн. Алар:
Ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулар -132;
Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаргандар -11;
Мас абалда унаа башкаргандар - 29;
Айнегин караңгылаткандар - 2;
Убактылуу короого токтотулган унаалар - 38;
Ошондой эле апта ичинде мамлекеттик кызматкерлер тарабынан 2 айдоочу мас абалда унаа башкарган. Ал эми апта ичинде 2 жол кырсыгы катталып, бактыга жараша каза болгондор жок.



