Этникалык кыргыздар жашаган Түркиянын аймагында жер титирөө катталып, 9 адам каза болду



Түркиянын Ван аймагында күчү 6 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды. Кырсыктын кесепетинен 5 киши жана 4 бала каза болгон деп жазышат түрк басылмалары.
Жер титирөө 23-февралда орун алган. Анын кесепетинен 50дөй адам жаракат алса, дагы 9 адам каза болду. Куткаруу иштерине жалпысынан 25 техника, 1 тик учак жана улуттук медицина куткаруу тобунан 13 адам тартылган.
Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн борбору Ирандан башталган. Иранда күндүн экинчи бөлүгүндө дагы жер титирөө катталып, 75 адам жабыркагандыгы айтылат маалыматта.
Иран-Түркия чек арасында жайгашкан Ван аймагында 500дөй этникалык кыргыздар жашайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.