Депутат Абдывахап Нурбаев: "Коронавирус тууралуу маалыматты элге жеткирүүдө министрлик аракет көрүп жатат, бирок жетишсиз". КҮНСОБОЛ
Кытайдан чыгып, бир нече өлкөгө 2 ай ичинде жайылып кеткен коронавирус Кыргыз элин чочутуп турган чак. Бүгүн, 24-февралга карата Кытайда бул илдеттен 2 миң 470 адам каза болгону маалымдалды. Мындан тышкары Япония, Түштүк Корея, Италияда да коронавирус өмүрүн алып кеткендер болуп жатат.
Кыргыз өкмөтү болсо чочулоого негиз жок дегени менен коомду шек саноого түрткөн абалдар жаралууда. Буга мисал болчу жагдайдын бири - Япониядагы "Diamond Princess" круиздик лайнеринде Кыргыз жараны да коронавируска кабылганын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Ага чейин Тышкы иштер министрлиги да, өкмөт да бул боюнча ооз ачкан эмес болчу. Качан гана журналисттер ТИМден кабарды тактай баштаганда, алар Япониядагы Кыргыз жараны менен байланышта болуп турушканын билдиришти.
Өткөн аптанын аягында болсо журналисттердин бири Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына кытайлык кыз дене табы көтөрүлүп, тамагы ириңдеп жеткирилгенин жазды. Андан кийин журналисттер Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышып, бул кабардын чын-төгүнүн сурап башташканда гана министрлик ал кызда коронавирус жок экендигин билдирип, ооруканадан чыгарылганын айткан. Кытай баштаган бир топ өлкөлөр болсо элди дүрбөлөңгө салган, бирок ошол эле учурда коомчулук үчүн керектүү болгон бул оору тууралуу маалыматтарды саат санап жаңылап жатат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Коронавируска каршы күрөшүү жана бул илдетти жуктуруп алышы мүмкүн болгон адамдар тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги менен өкмөттүн тийиштүү мекемелери коомчулукка кеч жеткирип жатат. Коомчулукка кооптуу болуп турган оору боюнча министрликтин ишин жетиштүү деп санайсызбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев министрлик маалыматты жеткирүүгө аракет кылууда, бирок дагы да жакшы аракет көрүшү керек деген пикирде.
"Менин пикиримде Саламаттыкты сактоо министрлиги бул боюнча аракеттерди көрүп жатат. Тагыраагы, алар залалдуу вирусту алдын алуу боюнча маалыматтарды жайылтып жатат. Бул вирус дүйнөгө тарап, аны дүйнөлүк маалымат булактары чагылдырууда. Мындан улам эл бул тууралуу башка маалымат булактарынан же социалдык тармактардан окуп жатышат.
Ага карабай министрлик маалымат жеткирүүнү, алдын алуу иш-чараларын мындан да жакшы жүргүзүшү керек. Чынында маалымат элге кандай жетип жатканы тууралуу элдин пикирин угуу маанилүү. Менин угушумча бул вирус тууралуу мектеп, бала бакчаларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканы тууралуу кулагым чалды", - деди Нурбаев.

