super.kg logo
  Саясат  

Депутат Эльвира Сурабалдиева: "Бизден коронавируска байланыштуу "чыныгы картина кандай?", "жашырган жоксуңарбы?" деп сурагандар көп болууда". КҮНСОБОЛ

 

Кытайдан чыгып, бир нече өлкөгө 2 ай ичинде жайылып кеткен коронавирус Кыргыз элин чочутуп турган чак. Бүгүн, 24-февралга карата Кытайда бул илдеттен 2 миң 470 адам каза болгону маалымдалды. Мындан тышкары Япония, Түштүк Корея, Италияда да коронавирус өмүрүн алып кеткендер болуп жатат.

Кыргыз өкмөтү болсо чочулоого негиз жок дегени менен коомду шек саноого түрткөн абалдар жаралууда. Буга мисал болчу жагдайдын бири - Япониядагы "Diamond Princess" круиздик лайнеринде Кыргыз жараны да коронавируска кабылганын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Ага чейин Тышкы иштер министрлиги да, өкмөт да бул боюнча ооз ачкан эмес болчу. Качан гана журналисттер ТИМден кабарды тактай баштаганда, алар Япониядагы Кыргыз жараны менен байланышта болуп турушканын билдиришти.

Өткөн аптанын аягында болсо журналисттердин бири Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына кытайлык кыз дене табы көтөрүлүп, тамагы ириңдеп жеткирилгенин жазды. Андан кийин журналисттер Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышып, бул кабардын чын-төгүнүн сурап башташканда гана министрлик ал кызда коронавирус жок экендигин билдирип, ооруканадан чыгарылганын айткан. Кытай баштаган бир топ өлкөлөр болсо элди дүрбөлөңгө салган, бирок ошол эле учурда коомчулук үчүн керектүү болгон бул оору тууралуу маалыматтарды саат санап жаңылап жатат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Коронавируска каршы күрөшүү жана бул илдетти жуктуруп алышы мүмкүн болгон адамдар тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги менен өкмөттүн тийиштүү мекемелери коомчулукка кеч жеткирип жатат. Коомчулукка кооптуу болуп турган оору боюнча министрликтин ишин жетиштүү деп санайсызбы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматты жеткирүүсүн чабал деп баалайт. Анын пикиринде, эгер маалымат туура, так, убагында жетип турса, эл арасында окуяга байланыштуу күбүр-шыбыр кептер айтылмак эмес.

"Менин пикиримде коронавируска байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы коомго анчалык жетиштүү болбой жатат. Буга байланыштуу эл арасында ар кандай маалыматтар айтылып жатат. Министрлик ачык, так, болгонун болгондой, ошол эле учурда эл арасында күбүр-шыбыр кептер айтылбай, тынчыта тургандай маалыматтарды жарыялап турса, туура болмок.

Бул тууралуу бизден улам-улам "чыныгы картина кандай?", "жашырган жоксуңарбы?" деп сурагандар көп болууда. Мындай тынчсызданууну мен ошол маалымат убагында жеткиликтүү берилбей жатканынан улам деп түшүнөм", - деди Сурабалдиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: