Ысык-Көлдө 15 килограммдан ашык марихуана алып жүргөн жаран кармалды
Ысык-Көлдө баңги затын жайылтууга шектелген жаран колго түшүрүлдү. Кармалган жарандан 15 килограмм 685 грамм салмактагы марихуана алынганын ИИМдин маалымат катчысы кабарлайт.
"Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Ысык-Көл облусунун Жаркымбай айылынын 1984-жылы туулган У.У. аттуу тургуну колго түшүрүлдү. Кармалган жарандан 15 килограммдан ашык марихуана алынган. Бул факты боюнча 267-берене (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери улантылып жатат", - деп билдирет маалымат катчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.