UFC: "Валентина Шевченко кийинки беттешин Австралияда өткөрөт"



Жоан Калдервуд
Валентина Шевченко UFC'деги кийинки беттешин 6-июнь күнү Австралияны Перт шаарында өткөрөт. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтына жарыяланды.
Валентина Шевченконун кийинки атаандашы шотландиялык Жоан Калдервуд болот. Бул эки мушкер айымдын беттеши Перт шаарында UFC 251 турниринин алкагында өтөт.
Эске салсак, 9-февралда Валентина Шевченко UFC 247 турниринин алкагында америкалык Кэтлин Чукагянды үчүнчү раундда техникалык нокаут менен жеңип алган. Бул беттештен кийин АКШнын Техас штатынын көзөмөл департаменти Валентина Шевченкону дарыгерлердин чечими менен жарым жылга убактылуу мелдештерден четтеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
bek-94

25.02.2020. 14:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сары кыз мунданда поездин келтиретко
Qwer007

25.02.2020. 16:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бишкекте качан отот?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.