super.kg logo

Террордук акт болот деген Инстаграмдагы билдирүүсү үчүн 17 жаштагы өспүрүм кармалды

 

24-февралда Инстаграм тармагынын _roma7unuzow аттуу колдонуучусу “Шаардык универсалдык дүкөндө саат 17:30да террордук актысы болот. Жанкечти даяр, анын ата-энесине 2 миллион доллар төлөндү” деген комментарий калтырган. Билдирүү калтырган жаран кармалганын УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Аталган факты 239-берененин 1-бөлүгү (Терроризм актысы, башкача айтканда, адамдарга өлүм коркунучун жаратуу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө билдирүү калтырган автор Чүй облусунун 2002-жылы туулган Юнузов Р. экендиги аныкталды. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Юнузов Р. кармалып, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына алып келинген. Сурак учурунда ал жасаган ишине өкүнүп, бейбаштыктан улам жазгандыгын билдирди.

Ал эми террордук акт тууралуу маалымат тастыкталган жок. Учурда тергөө амалдары уланууда", - деп билдирди маалымат катчы.

УКМК эскертет! Бейбаштыктан улам, өзүнүн иш аракеттеринин олуттуулугун сезбестен, террордук акты тууралуу билип туруп жалган маалымат таратуу менен коомдо коркунуч туудуруп, өлкөнүн тургундары жана меймандарына ыңгайсыздык жаралып, бир кыйла күч, каражаттар жана убакытка чыгым кылууда.

Аны менен катар мекемелердин жана транспорттун иштөө убактысы бузулууда. Мындан тышкары мындай жалган билдирүүлөрдү текшерүүдө укук коргоо органдарын реалдуу террордук акт коркунучунан алаксытуу ыктымалдыгы бар. Мындай иш аракеттер кылмыш катары саналат.

Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесине ылайык террордук акт жасоо коркунучун келтирген тарап 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
25.02.2020. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
УКМК ушундай фейк маалымат тараткандар менен катуу иштеп жатат. Азыр айрым ашынган саясатчы сөрөйлөрдүн тарапташтары оозуна алы жетпей ар кандай маалымат таратуудаа.
25.02.2020. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр заман эмес элдин пейли бузулду өзүбүзгө өзүбүз бирдеме тилеп жүрөбүз кудай озу кечирсин бизди мына кытайлар мусулмандарды кордоп туура эмес иштерге барды эле эмне болду
25.02.2020. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жалган маалымат тараткандар кандай жазага тартыларын көргүлө.
25.02.2020. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Точно жалган маалыматпыы жее!?!

Озубуздон да эмес экен, мумкун чындыктыр))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: