super.kg logo

Чүйдө лицензиясынан ажыраган жактоочу алдамчылыкка шектелип кармалды. Ал кылмыш ишин жабууну убадалап, 14 миң доллар алган

 

Чүй облусунун Сокулук районунда 60 жаштагы жаран алдамчылык кылганга шектелип кармалды. Ал өзүн жактоочу деп тааныштырып, кылмыш ишин жабууну убадалап, 14 миң доллар каражат алганын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"2019-жылдын 10-декабрында Сокулук РИИБине 65 жаштагы А.У. аттуу тургун арыз менен кайрылган. Анда 2014-жылы өзүн жактоочумун деп тааныштырган жаран арыздануучунун уулуна карата козголгон кылмыш ишин жаап берем деп 14 миң доллар каражат алгандыгы айтылган. Андан бери убадасын аткарбай, качып жүргөндүгү айтылган арызда.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү 60 жаштагы Д.С. экени аныкталды. Ошондой эле Юстиция министрлигинин 2009-жылдын 12-февралындагы буйругуна ылайык, шектүү жактоочулук иш менен алектенүүгө уруксат берилген лицензиясынан ажыраганы маалым болду.

22-февралда Д.С. кармалып, ал СИЗО-1ге киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо, милиция бөлүмүнө кабарлап коюну укук коргоо кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш номерлери: Чүй ОИИББи - 0312 43-01-27, Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмү - 0312 60-75-67, 03134 5-33-80.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: