super.kg logo
  Саясат  

"Өкмөт биометрикалык жалпы жарандык паспортторду берүү процессин катуу көзөмөлгө алат" дейт премьер-министр

 

Бүгүн, 25-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда Абылгазиев өкмөт биометрикалык жалпы жарандык паспортторду берүү процессин катуу көзөмөлгө алууга ниеттенип жатканын айтты.

"Биз жакын арада буга чейинки тендер боюнча соттук териштирүүлөрдүн аякташын күтүп жатабыз. Андан соң жаңы үлгүдөгү паспорттордун электрондук бланктарын сатып алууга тендер жарыяланат. Аларды 2021-жылдан баштап берүү пландалган. Бул көптөгөн маселелерди чечип, анын ичинде башка өлкөлөрдүн биздин паспортторго, жалпысынан республикабызга болгон ишеним деңгээлин жогорулатат. Бүгүнкү күндө мекендештерибиз үчүн көптөгөн өлкөлөрдүн визасын алуу барган сайын кыйынга турууда. Биз бул жагдайдан чыгып, паспорт ээси үчүн бүткүл дүйнөгө эшик ачкан өлкөлөрдүн бирине айланышыбыз керек. Бул үчүн эл аралык деңгээлдеги паспорттор кажет", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал ошондой эле "Унаа" мамлекеттик ишканасына барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты. Премьер-министр мамлекеттик мекемеге келгендер менен пикир алышып, алардын сунуштарын жана даттанууларын укту. Негизинен алар кызматкерлердин, анын ичинде тигил же бул кызмат үчүн төлөм алган коммерциялык банктардын жай тейлөөсүнөн улам түзүлгөн узун кезектерге тийиштүү. "Чындыгында, мында адамдар көп, кезектер чоң. Бул маселени чечүү керек. Калкты тейлөө терезелерин көбөйтүү же башкармалыкты башка кеңири жерге көчүрүү абзел. Имарат ыңгайсыз жана тар. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн банктык төлөм карталарын колдонуу менен накталай эмес төлөм системин орнотуу зарыл. Жөнөкөй эле жарык берилген эмес, коридор караңгы. Азыр көпчүлүгү унчуккан жок, себеби бир нече саат кезек күтүп туруп чарчашкан. Бирок мында коррупциялык көрүнүштөр көп экендигин билем. Жетекчилик муну чечүүгө тийиш. Болбосо башка адамдар келип иштейт", - деди өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: