super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары: "Коронавирус катталса, биз ага максималдуу даярбыз"

 

Бүгүн, 25-февралда Саламаттыкты сактоо министрлиги 2019-жылы аткарган иштеринин жыйынтыгы жана 2020-жылга карата планы тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевге жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан дүйнөнү дүрбөтүп жаткан коронавируска байланыштуу суроолор берилди.

Алардын арасында коронавируска байланыштуу маалыматтарды министрлик жашырып жатат деген маалыматтын чын-бышыгы суралды. Мадаминовдун пикиринде, эгер бул вирус катталган болсо, аны жашыруу мүмкүн эмес.

"Коронавирус катталгандан Кудай сактасын. Эгер катталып калса, биз аны изоляция кылып, өзүнчө тиешелүү иш аракеттерди көрөбүз. Биз буга максималдуу даяр болуп турабыз. Коронавирусту жашырып жатышат деген сыяктуу маалыматтар калп.

Өзүңүздөр билгендей мурун кээ бир маалыматтарды жашырып коюуга мүмкүн болчу, азыр жашырууга мүмкүн эмес", - деди Каратаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
25.02.2020. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен ишендим!!! Дагы ким ишенет???
25.02.2020. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арыстан алай турганда вирустан коркпогула
25.02.2020. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сактансан сактайм деген кудайым, ошондуктан алгач озубуз сак бололу , анан уйдо чымын олсо да окмотту куноолой бербей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: