super.kg logo

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинен өтүп жаткандарга айып актыларын тапшырды

 

Бүгүн, 25-февралда Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинен өтүп жаткандарга айып актыларын тапшырды. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

"Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 491 беттен турган айыптоо корутундусун бекитти. Бул Кой-Таш окуясына тиешелүү болгон бийликтин акыркы расмий жоромолу экенин эске сала кетели. Тергөөнүн ачык эле бир тараптуу болуп жаткандыгына жана далилдөө базасынын жоктугуна байланыштуу айыпталуучулар бул айыптоо актысын "Шахрезаданын жомоктору" деп аташкан. Бардык айыптоолор оозеки баяндамалардын негизинде түзүлгөн", - деп айткан билдирүүсүндө Жолдубаева.

Иш боюнча айыпталуучулардын тизмеси:

1. Алмазбек Атамбаев;

2. Фарид Ниязов;

3. Равшан Жээнбеков;

4. Ирина Карамушкина;

5. Асел Кодуранова;

6. Кундуз Жолдубаева;

7. Канат Сагымбаев;

8. Мээрбек Мискенбаев;

9. Фархат Баабиев;

10. Канат Осмоналиев;

11. Рыспек Карыпбек уулу;

12. Марат Шаменов;

13. Нооруз Капарбек уулу;

14. Асангелди Какебаев.

Маалым болгондой, тергөө менен кызматташууга баргандар үчүн өзүнчө өндүрүш иши бөлүнгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
25.02.2020. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Урматтуу супер инфо Аксыда 5жаштагы кызды зордогон адамга сот болду бугун,ошол кандай чечим чыкты билип бербейсиздерби
25.02.2020. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кой Таш эмес, жакын арада бут эл которулуп чыгат. Азыркы бийлик менен жарга такалып калдык. Атамбаев Сооронбайдын мындай кыяннаттык ишти кутпогондо мындай болмок эмес. Сооронбай ощу АШАнын колдоосу менен бийлике келип, аягы эмнени кылып кетти. Соке уят сага.
26.02.2020. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кой-Таш окуясында каза болгондордун каргышы кимге?
26.02.2020. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң башкысы ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандар жазасыз калбашы керек. Бул банда жоопкерчилике тартылуусу адилеттуу болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: