super.kg logo

Францияда сырдын 257 түрү кошулган пицца жасалды

 

257 сырдын түрү кошулган пицца Франциянын түштүк-чыгышында жайгашкан Лион шаарында жасалды.

Маалыматка ылайык, пиццанын диаметри 30 сантиметрди түзүп, сырдын 257 түрү кошулган. Пиццанын салмагы жалпы 1 килограмм болуп, колдонулган сырдын салмагы 750 граммды түзгөн. Жакында ал "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү алдында турат. Бул өзгөчө пиццанын автору Бенуа Брюэль. Ал алгач 254 сырдын түрүн колдонууну пландап жаткан. Бирок аны жасоо учурунда дагы 3 түрүн кошууну чечкен. Анын айтымында, бул пицца анча чоң эмес көлөмү менен рекорддук болуп саналат.

"80 сантиметрдик нанга каалашыңча сырдын түрүн кошо берсе болору анык. Ошондуктан пиццанын диаметри 30 сантиметрди түзүшү керек болгон. Албетте, бул пицца бир киши үчүн көптүк кылат. Ал 20 кишиге ылайыкташкан", - деген Бенуа Брюэль.

Буга чейин дал ушундай рекорд 2019-жылы австралиялык ашпозчу Жонни Ди Франческо тарабынан даярдалган. Анда 30 сантиметрлик пиццага сырдын 154 түрү кошулган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: