Шашылыш билдирүү! Өлкөдө 27-28-февралда туруксуз аба ырайы күтүлөт
2020-жылдын 27-28-февраль күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тоолуу райондордо кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, алардын үзүлүү коркунучун алып келет.
26-февралдан 29-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга, ошондой эле абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунда (Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунда, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунда (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолунда, Казарман - Актал-Чат унаа жолунда (Ийри-Суу тилкеси, Кара-Көө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунда (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.



